Каракол шаарынын мэри башка ишке өткөндүктөн отставкага кеткенин айтты

Каракол шаарынын мэри Ишенбек Өмүрканов ээлеген кызматынан эмне үчүн кеткенин "ВБ"га билдирди.

"Башка ишке кетип аткандыктан мени ээлеген кызматыман бошотуу үчүн 3-мартта арыз жазгам", - деди ал.

Бирок Өмүрканов жаңы жумушун тактап айткан жок. Ал ошондой эле шаардык кеңеш ага карата ишенбөөчүлүк көргөзгөн деген кепти төгүндөдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД