Каракол шаардык кеңеши шаар мэри Ишенбек Өмүркановга ишенбөөчүлүк көргөзгөн эмес. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрайымы Акылсайра Жумабекова бүгүн, 6-мартта, "ВБ"га билдирди.
Эскертсек, бүгүн "ВБ"нын жеке булагынан белгилүү болгондой, Каракол шаардык кеңештин депутаттары шаар мэрине ишенбөөчүлүк көргөзгөндөн кийин ал отставкага кеткен.
Жумабекованын айтымында, шаар мэри Өмүрканов өз ыктыяру менен жумуштан кетүү тууралуу арызын 3-мартта эле жазган. Арызга премьер-министр кол коюшу керек. Азырынча өкмөттүн бул боюнча тийиштүү буйругу жок.
Жумабекова ошондой эле шаардык кеңештин кезектеги жыйыны мартта боло турганын кошумчалады.