Камакка алынган "Ата-Журт" партиясынын депутаттарын колдоп жана "Кумтөр" боюнча түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну талап кылып Жалал-Абатта кезексиз митингге чыккандар үч боз үй тигишүүдө. Бул тууралуу акциянын уюштуруучусу Медербек Үсөнов бүгүн, 6-мартта, "ВБ"га билдирди.
Анын айтмында, учурда аянтта 100дөн ашык киши бар. "Мына митинг башталайын деп турат. Биз бир жарым, эки миңге чейин киши келет деп күтүп атабыз. Бул жерде шаардыктар жана башка жактан келгендер да болот", -дейт ал.
Анын айтымында, митинг өткөрүү үчүн мэрия менен укук коргоо органдарынан уруксат алынган. "Милиция митинг учурунда коопсуздук камсыз кылып беребиз дешти", - деп кошумчалады ал.
5-мартта "Ата-Журт" партиясынын тарапкерлери камалган депутаттар – Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуу жана "Кумтөр" боюнча келишимди жокко чыгаруу талабын коюп митингге чыгышкан болчу.