Митингчилер Жалал-Абат обладминистрациясынын имаратында түнөштү

Камакка алынган атажуртчу депутаттардын бошотулуусун талап кылып Жалал-Абатта митингге чыккан баатыр энелер обладминистрациянын имаратында түнөштү. Бул тууралуу митингдин уюштуруучусу Медербек Үсөнов бүгүн, 6-мартта, "ВБ"га билдирди.

"ВБ" буга чейин маалымдагандай, бүгүн камакка алынган депутаттар – Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылган кезексиз митинг башталат. Митингчилер негизинен "Кумтөр" боюнча түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу жана парламенттин таркашын талап кылышат.

Кечээ шаардын борбордук аянтына депутаттарды актоо талабын коюп, баатыр энелер митингге чыккан. Алар сүйлөшүү үчүн обладминистрациянын имаратына киришкен. Бирок митингчилер талаптары аткарылмайын имараттын ичинен чыкпайбыз дешип, ошол жерде түнөштү.

Облустук ИИБдин жетекчиси Малик Нурдинов митингчилерди имараттан күч менен алып чыгуу болбой турганын "ВБ"га билдирди.

Ал эми митингди уюштуруучулардын бири Үсөнов аялдар дагы деле обладминистрациянын ичинде экенин айтып, алардын саны 60дай экенин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД