Электрондук ЖМКга чыккан экстремисттик материалдарга каршы күрөш күчөтүлөт

Жогорку кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында өкмөт тарабынан сунушталган "Электрондук жана почта байланышы жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Мыйзам долбоору маалымат каражаттарында жайгаштырылган экстремисттик материалдарга каршы күрөштү күчөтүү максатында иштелип чыккан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн өкүлү Бактыбек Жусубалиевдин айтымында, мыйзам долбоору басылмалар, жалпыга маалымдоо каражаттары, маалымат сайттары аркылуу экстремизм, терроризм аракетин чакыруу маалыматтарын табууга, аныктоого, материалдар табылган жеринде кылмыш ишин козгоого жана аны уюштурган жактарга каршы күрөшүү чараларын күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Баяндамачы ушундай эле өңүттөгү "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" сындуу бир катар мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде каралып жаткандыгын билдирди. Эл аралык жана ички экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү зарыл. 2012-жылы 13 экстремисттик веб-сайт жабылган. Ошондой эле, быйыл өкмөттүн расмий веб-сайтына хаккердик колсалуу катталган.

Тармактык комитетте мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД