"Гранаталарды мага таштап кетти деп мен ишенимдүү айта алам", - деп бүгүн, 5-мартта, "Трибуна" гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаков "ВБ"га билдирди.
Эскертсек, кечээ, 4-мартта, анын иш бөлмөсүнөн ИИМ менен МУККнын кызматкерлери үч граната табышкан.
Өмүрзаковдун айтымында, эки жолу тинтүү жүргөн. Жарылуучу зат экинчи тинтүү учурунда табылган.
"Иш бөлмөмдө көп китеп бар болчу. Бирок эмнегедир мага гана тиешелүү китептерди издеп атышты. Аларды текшерип, жарылуучу затты таап, бөлмөлөргө мөөр басып, жаап кетишти. Жарылуучу заттарды алып кетишти. Мен аларга эгер кийин дагы ушундай тинтүү боло турган болсо, биринчи мени менен кеңешкиле деп айттым. Андай болбосо 7-8 адам келип тинтип эч нерсе таппай кетишти. Беш мүнөттөн соң кинологдор менен саперлор келишти. Бирок мен аларга айттым, керек болсо эң акылынан адашкан сот да силерге санкция бербейт, дедим"-дейт ал.
Анын айтымында табылган гранаталар боюнча кылмыш иши козголгон.