2013-2015-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн такталган божомолдоо параметрлерине ылайык, тышкы сооданын айлануу көлөмү 2013-жылга божомолдонгон көрсөткүчү 8 млрд 835,5 млн АКШ долларын түзөт. Бул 2012-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 125,3%ды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта, Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары Мурат Жакыпбаев маалымат жыйында билдирди.
Ал ошондой эле 2013-жылдын февраль айына карата Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджетке түшө турган бажы төлөмдөрүнүн божомолу 2 млрд 450 млн сом өлчөмүндө белгиленгенин, түшкөн каражаттын суммасы 2 млрд 089 млн сом болгонун айтты. "Бул божомолдук көрсөткүчтүн 85,3%ын түзөт, же бажы төлөмдөрү 361 млн сомго аз жыйналды", - дейт ал.
Жакыпбеков өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшкөн каражаттар 107,9 млн сомго көбөйгөнүн кошумчалады.