"Трибуна" гезитинин башкы редакторунун иш бөлмөсүнөн табылган үч граната боюнча чогултулган материалдар атайын кызматка берилиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта, Бишкек ИИББден "ВБ"га билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүнкү күнү чогултулган бардык материал прокуратуранын тергөө тобунда жана ИИМде турат. "Кайсыл берене боюнча кылмыш иши козголо турганы түштөн кийин чечилет. Эч ким кармала элек", -деп ИИББден билдиришти.