Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук мамлекеттик имаратынын алдына "Ата-Журттун" 200дөй тарапкери чогулду. Алардын көпчүлүгү жаштар менен кары-картаңдар.
Азырынча митингчилер кандайдыр бир активдүүлүгүн көргөзө элек. Болгону талаптары жазылган кагаздар жана диск таратылууда. Талаптардын арасында депутат Садыр Жапаровду бошотуу жана "Кумтөр" кенин жабуу же улутташтыруу да бар.
Саат 11де митингчилер Жеңиш паркына барып, нааразычылык акциясын өткөрүүгө ниеттенишүүдө.