Мирослав Ниязов: Атажуртчуларды коргоо – Ошто митинг өткөрүүгө болгон шылтоо

"Элге азыркы бийликке ишенбөөчүлүк көргөзүү үчүн шылтоо керек", - деп бүгүн, 5-мартта "Парламентти таркатуу үчүн" кыймылыгын демилгечиси Мирослав Ниязов Оштогу митингге түшүндүрмө берип атып "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жарандары түрдүү шылтоо менен митингге чыгууну улантат. Алардын негизги себеби - бийликке болгон ишенбөөчүлүк болот. "Мындай митингдер уланат деп ойлойм. Жарандар өз каршылыгын билдирүү үчүн түрдүү себептерди табышат", - деди Ниязов.

Ал ошондой эле учурдагы парламенттик система мамлекеттүүлүктүн негизин бузуучу мүнөзгө ээ,- деп эсептейт. "Бул канчага чейин турарын билбейм. Канчалык көп турса, биздин мамлекет ошончо талкаланат", -дейт ал.

Эскертсек, бүгүн, 5-мартта, "Ата-Журт" партиясынын тарапкерлери Ош жана Ысык-Көлдө митинг өткөрүп, камакка алынган депутаттар – Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотууну, ошондой эле "Кумтөр" менен түзүлгөн келишимди бузууну талап кылышмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД