Кубат Оторбаев: КТРК бюджеттен 380 миллион сом алат

КТРК жыл сайын республикалык бюджеттен жылына 380 млн сом алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин 4-марттагы жыйынында КТРКнын директору Кубат Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, жеке телеканалдардын бюджети 50-80 млн сом. "Бирок алардын телеберүү аймагы КТРКга салыштырмалуу анча чоң эмес", - деди Оторбаев.

Ал ошондой эле КТРК рекламадан да киреше ала турганын кошумчалады. "2010 жана 2011-жылдары шайлоолордон жана рекламадан КТРК 80 млн сом киреше тапкан", -деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД