Каражаттын жоктугунан "Ысык-Көл" аэропорту оңдолбой келет

"Манас" эл аралык аэропорту каржылоонун жоктугунан Тамчы айылында жайгашкан "Ысык-Көл" аэропортунун реконструкциялык иштерин бүтүрө албай келүүдө. Бул тууралуу кечээ, 4-мартта, аэропорттун директору Ришид Исмаилов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, реконструкция 2004-жылы башталган жана долбоор боюнча 2007-жылы аякташы керек болчу. Бүгүнкү күнү 3,8 км узундугундагы учуу тилкесинин болгону 2,8 чакырымы гана эксплуатацияга берилген.

Аэропорттун курулуш иштери толугу менен аяктабагандыктан аэропорт 5 миң тоннадан ашык чоң магистралдык учактарды кабыл ала албай келет. Учурда аэропорт салмагы 5 миң тоннага жетпеген ортомагистралдык учактарды гана кабыл алууда.

"Бир күндө "Ысык-Көл" аэропорту 600 жүргүнчүгө чейин кабыл ала алат. Быйылкы жылдын эки айында болгону 400 жүргүнчүнү кабыл алды. Кышында авиакомпаниялар кардарлардын аздыгынан каттамдарды сейрек жасашат",-дейт Исмаилов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД