Балыкчы шаарынын мэри Мирбек Бообеков шаардык экологиялык посттон түшкөн каражаттын 20%ын жергиликтүү бюджетке берүүнү суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта, журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, бул демилгени биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев да колдоого алган.
"Учурда өкмөт бул маселени чечүүдө. Биз бул каражатты шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшайлы деп ниеттенүүдөбүз. Өзгөчө жолдорду оңдоого жумшалат", - дейт ал.
Мэр экологиялык посттон жылына 15 млн сом чогуларын белгиледи.
Эскертсек, экологиялык посттон чогулган каражаттын 100%ы "Ысык-Көл" биосфералык аймак дирекциясына түшөт.