Туура эмес чечим чыгарган сотторду жоопко тартуу боюнча мыйзамга жазуу керек. Коррупция боюнча жоопкерчиликти да так көргөзүү керек. Бул тууралуу президенттин алдындагы Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндөгү мыйзамда туура эмес чечим чыгарган сотторду жоопко тартуу механизми жок. "Эгер туура эмес өкүм чыккан болсо, ал боюнча кийинки инстанцияларга кайрылса болот. Бирок соттор эч жоопкерчиликке тартылбайт",- деди ал.
Жээнбеков ошондой эле мыйзам бузган жана коррупция менен кармалган соттор кандай жаза алары мыйзамда так белгилениши керек деп кошумчалады.