Бишкекте мамлекеттик желек күнү белгиленди

Бүгүн, 4-мартта, Бишкектин Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргызстандын мамлекеттик желек күнү белгиленди. Бул иш-чарага Бишкектеги Жогорку Окуу Жайлар менен кесиптик лицейдин студенттери катышты.

Иш-чаранын ачылышында Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов сөз сүйлөдү. Ал мамлекеттик желек күнүн белгилөө салтка айланып келе жатканын кошумчалады. "Кыргызстандын ар бир жараны эгемендикти, өлкөнүн символдорун сыйлашы керек жана өз мамлекетинин жараны болгонуна сыймыктанышы керек", -деди ал.

Иш-чаранын расмий ачылышынан соң келген конокторго кыргыз эстрада ырчылары катышкан концерттик майрам тартууланды. Ошондой эле Улуттук Гвардиянын тарбиялануучулары да өз өнөрлөрүн көргөзүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД