Декларация тапшыра тургандардын жалпы саны 1 565 киши болсо, 1-мартка карата 1 528 киши кирешеси тууралуу декларацияны мамлекеттик кадр кызматына тапшырган. Бул 97,6%ды түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашев бүгүн, 4-мартта, маалымат жыйында билдирди.
"Бүгүнкү күнү декларациясын тапшырбаган 37 киши бар" – дейт ал.
Карашев ошондой эле 2011-2012-жылдары кызмат ордунан кеткен мамлекеттик чиновниктер да "Декларация жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, эки жыл бою кирешеси тууралуу декларацияны тапшырууга милдеттүү экенин кошумчалады.