"Жогорку Кеңештин 7 депутаты кирешеси тууралуу декларацияны тапшыра элек". Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашев бүгүн, 4-мартта, маалымат жыйында билдирди.
Ал ошондой эле декларацияны тапшыруу мөөнөтү 1-мартта аяктаганын белгиледи. Карашевдин айтымында, жүйөлүү себептерден улам төмөндөгү депутаттар декларацияны тапшырган эмес: Талант Мамытов, Садыр Жапаров, Нариман Түлеев, Мамат Орозбаев, Бөдөш Мамырова, Дастан Жумабеков жана Мамытбай Салымбеков.
Эске салсак, атажуртчу депутаттар Талант Мамытов, Садыр Жапаров камакта. Ал эми башка атажуртчу депутат Камчыбек Ташиев кирешеси тууралуу декларацияны тапшырган.
Белгилей кетсек, 2013-жылдын 1-мартына алынган маалымат боюнча 1528 мамлекеттик кызматкер кирешеси тууралуу декларацияны тапшырган. Бул дээрлик 98%ды түзөт.