1-март күнү Жалал-Абат облустук ИИБдин жана Базар-Коргон райондук ИИБдин кызматкерлери МУККнын кызматкерлери менен биргеликте 30 жаштагы "Хизб-ут Тахрир" экстремситик тобунун мүчөсүн кармашкан. Ал буга чейин соттолгон. Бул тууралуу Жалал-Абат облустук ИИБдин басмасөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, кармалган жарандын үйүн тинтүү учурунда экстремисттик багыттагы 11 китеп, "Хизб-ут Тахрирдин" эки үгүт барагы, 28 DVD-диск жана 15 блокнот табылган.
Теологиялык экспертиза белгиленип, тергөө иштери жүрүүдө.