1-мартта чек арачылар Ала-Бука районунун Кызыл-Кыя аймагынан аткезчилик менен алынып келинген жүктү кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаран баасы 20 миң сомго бааланган күнүмдүк керектелүүчү товарды кыргыз-өзбек чек арасынын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.
Тийиштүү документтер толтурулган соң, жүк бажы органдарына өткөрүлүп берилген.
Андан сырткары 1-март күнү кыргыз-өзбек чек арасынан өздүк документтери жок Өзбекстандын үч жараны кармалган. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун буга чейин жетишилген макулдашуусуна ылайык чек арадан мыйзамсыз өткөн эки жаран Өзбекстандын тийиштүү органдарына өткөрүлүп берилген.
Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматтык-аскерий ишмердигинин жыйынтыгы боюнча эки ай ичинде 15 чек араны бузган адам кармалган, чек ара режимин бузган 4 факты жана аткезчилик жол менен жүк алып өтүү боюнча 6 факт катталган.
Бул белгиленген учурда Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын 1 717 527 адам жана 190 225 машина кесип өткөн. Ошондой эле, 101 киши депортацияланган.