Май жеткирилет деп четинен чонтокторуно чалып атышат да биздин чиновниктер
Кыргызстандын аймактарында жазгы талаа иштери бирдей башталбайт. Мисалы, түштүк аймакта жазгы талаа иштери март айында башталса, Нарын облусунда апрель-май айларында башталат. Андыктан күйүүчү майды жеткирүү аймактарга алдын ала жеткирилет. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта, маалымат жыйында айыл-чарба министринин орун басары Дыйканбай Кенжебаев билдирди.
Ал жазгы талаа иштерине керектелчү дизелдик май убагында камсыздалып, таңкыстык болбой турганын айтты. "Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы менен түзүлгөн меморандумга ылайык, алар аймактардын күйүүчү майга болгон муктаждыгын толугу менен камсыздайт", - деди ал.