Былтыр менчиктештирилип кеткен бир да бала бакча мамлекетке кайтарылган эмес

Жогорку Кеңештин 28-февралдагы жыйынында "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын менчиктештирилген жана багыты өзгөртүлгөн имараттары жөнүндө" маселе боюнча "Өкмөттүк саат" өткөрүлдү. Жыйынга вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган жооптуу министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова, борбор калаанын мэри Иса Өмүркулов катышты.

Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин берген маалыматы боюнча 1990-жылдандан кийин бир топ бала бакчалар менчиктештирүү программасына камтылып, менчиктештирилип кеткен. Учурда республика боюнча 1247 бала бакча бар, анын 280и мамлекеттик, 694ү муниципиалдык калганы юридикалык жеке жактарга таандык. Бала бакчалардын 764ү өз багытында иш алып барып жатса, калганы башка багытка ыңгайлашкан. Менчиктештирилип кеткен бала бакчаларда мамлекеттик органдар, айыл өкмөттөр, фельдшерлик пункттар, китепканалар орун алышкан. Өткөн жылы менчиктештирилген бала бакчаларды кайра кайтаруу боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынган. Бул багытта өкмөт тарабынан таасирдүү чаралөр көрүлбөй, натыйжада бир да бала бакча кайтарылып алынган эмес.

Жыйынтыгында "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын менчиктештирилген жана багыты өзгөртүлгөн имараттары жөнүндө" маселе боюнча депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун конкреттүү иштеп чыгуу үчүн тармактык комитетке кайра кайтарылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД