Жогорку Кеңештин 28-февралдагы жыйынында өкмөтүнүн сунушу менен өкмөттүн түзүмүнө күч органдарынын ишин координациялаган вице-премьер-министрдин кызмат ордун ачуу, мурдагы Жаштар жана эмгек министрлигинин аталышын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине, ал эми Маданият жана туризм министрлигинин аталышын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Талкуу жүрүшүндө депутаттар премьер-министрди министрлерди тез-тез алмаштырбоого чакырды. Алардын пикиринде, мындай башаламан кадрдык алмаштыруулар аткаруу бийлигинин натыйжалуу иштөөсүнө терс таасирин тийгизет.
Жыйынтыгында депутаттардын көпчүлүк добушу менен КР вице-премьер-министрлигине Шамил Атаханов, КР Ички иштер министрлигине Абдылда Суранчиев, КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине Алиясбек Алымкулов жактырылды.