Жогорку Кеңеш музейлерди колдоо тууралуу фонд түзүү боюнча токтом кабыл алды

Бүгүн, 28-февралда өтүп жаткан Жогорку Кеңеш жыйынындагы өкмөттүк саатта "КР музейлери жана музей фонду жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы тууралуу маселе каралып, өкмөтүнүн маалыматы угулуду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Маданият министринин милдетин аткаруучу Кожогелди Кулуевдин берген маалыматына караганда, каржы тартыштыгы башкы көйгөйлөрдүн бири болууда. Бюджеттен бөлүнгөн 54 млн сом каражаттын негизги бөлүгү эмгек акыга жумшалгандыктан, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок.

Ошону менен бирге баяндамачы борбордук музейлердин, музей фонддоруна караштуу сактоочу жайларынын абалы өтө начар экенин белгиледи. "Сулайман-Тоо" музей-коругунун ЮНЕСКОнун мурастар тизмесинен чыгып калуу коркунучу да бар. Анын тегерегинде башаламан курулуп жаткан кафелер менен мыйзамсыз курулмаларга жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөл жүргүзүлбөйт.

Тилекке каршы, ЮНЕСКО тарабынан таанылып, эл аралык алкакка чыккандыгына карабастан, "Сулайман-Тоо" музей-коругунун жери боюнча жыйырма жылдан ашуун мезгилден бери мамлекеттик актысын берүү маселеси чечилбей келет. Ансыз ал жердеги мыйзамсыз курулмаларга тыюу салуу, музей айланасын иретке келтирүү мүмкүн эмес.

Депутат Исамаил Исаков республикалык бюджетте каралган каражаттын толук которулуп берилбей жатышынын өзү эле кыргыз маданиятына, улуттук идеологиянын калыптанышына карата жасалган мамиле деңгээлин көрсөтүп турат дейт.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш токтому кабыл алынып, өкмөткө бир катар тапшырмалар берилди. Анын аткарылышы тармактык комитеттин көзөмөлүндө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД