Акназарова өкмөттөн чек ара маселеси боюнча резолюцияны иштеп чыгууну өтүндү

"Республика" фракциясынын депутаты Роза Акназарова ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын жайында өтө турган жылдык сессиясынын жыйынына алып чыгуу үчүн чек ара маселеси боюнча резолюцияны даярдоону 28-февралда пленардык жыйында өкмөткө сунуш кылды. Бул тууралуу "Республика" фракциясынын катчылыгы билдирди.

Депутат ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын жакында Вена шаарында өткөн кышкы жыйынында эң негизги маселе катары чек ара маселеси талкуулангандыгын билдирип, бул маселе Кыргызстан үчүн эң көйгөйлүү маселелердин бири экендигин белгиледи.

"Бир айдын ичинде бул резолюциянын долбоорун иштеп чыгып, башка мамлекеттер менен дагы макулдашуу процедураларын жүргүзүш керек. Резолюция чек ара маселелерин жоюуда бирдиктүү механизмдерди иштеп чыгууга көмөк берет", - деп баса белгиледи эл өкүлү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД