Конституциялык палатанын судьялыгына көрсөтүлгөн 4 талапкер шайланган жок

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 27-февралдагы, жыйынында Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо маселеси каралды.

Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялыгына 4 талапкер – Кыргызбаев Куанбек, Оморова Максуда, Сүйөркулов Токтосун жана Тажибаев Абибила сунушталган. Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Токтогул Туманов КР президенти сунуштаган талапкерлер комитет жыйынында талкууланып, Жогорку Кеңештин жыйынына сунуштоо чечими кабыл алынгандыгын айтты. Ошондой эле Конституциялык палатанын толук кандуу иш алпарышы үчүн 8 судья (жалпы курамдын үчтөн экиси) болушу керектиги, буга чейин Конституциялык палатанын 5 судья шайлангандыгы белгилүү болду.

Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргызбаев 34 добушка, Оморова 40 добушка, Сүйөркулов 37 добушка, Тажибаев 46 добушка ээ болуп, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына өткөн жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД