Баткен облусунда эки күндүк жумушчу иш сапары менен жүргөн төрага Асылбек Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен районунун Чарбак жана Согмент айылдарында болду. Делегация курамында депутаттар Курмантай Абдиев ("Ата-Журт"), Назарали Арипов ("Республика"),Ташполот Балтабаев ("Ата-Мекен"), Жусупали Исаев (КСДП), Динара Исаева ("Ата-Журт"), Ирина Карамушкина (КСДП), Улукбек Кочкоров ("Ата-Журт"), Мурадил Мадеминов (КСДП), Чолпон Султанбекова ("Республика") бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Жээнбеков жергиликтүү тургундарды 2013-жылдын республикалык бюджетинде Баткен облусун өнүктүрүүгө 330 млн сом каражат каралгандыгынан маалымдар кылды. "Быйылкы жылдан тарта биздин өлкө өнүгүү фазасына өтүшүн күтүп жатабыз, Баткен облусуна, анын ичинде чек ара аймактарына колдоо көрсөтүү боюнча бир топ программалар ишке ашырылмакчы", - дейт ал.
Чарбак жана Согмент айылдарынын тургундарынын негизги талаптары – мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тезинен аягына чыгаруу. Ошондой эле, калкты таза суу жана сугат суусу менен камсыз кылуу маселеси турат. Жергиликтүү тургундар парламентчилер менен өкмөт мүчөлөрүнө чек ара аймагындагы дагы башка айылдарга өзгөчө макам берүү маселесин кайрадан кароо өтүнүчү менен кайрылды. Ушу кезде 54 айыл чек ара аймагындагы өзгөчө макамга ээ, анын ичинде 37 Баткен облусунда, 19 Баткен районунда жайгашкан, арасында Чарбак жана Согмент айылдары да бар.