Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук боюнча комитетинин 26-февралдагы кезектеги жыйынында "КР Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Ал Камакка алуу үчүн издөө салынган адамдарды экстрадициялоо чараларын ыраатташтырууга багытталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Элмира Жумалиеванын айтымында, сунушталган мыйзам долбоору өлкөлөр ортосундагы алакаларды арттырууга жана экстрадициялоо институтун бекемдөөгө багытталган.
"Адамдарды экстрадициялоо, анын ичинде кылмышкерлерди издөө жана жоопкерчиликке тартуу маселеси эркин миграция жана башка өлкө жарандыгын алуу шартында көптөгөн кыйынчылыктарды жаратууда. Иш жүзүндө эл аралык келишимдер түзүлбөй, улуттук кылмыш-процесс жаатындагы мыйзамдар аркылуу жөнгө салынбай калган учурлар көп кездешет. Эл аралык деңгээлде издөө салынган адамдарды Кыргызстандын аймагында кармоонун, же анын тескерисинче, Кыргызстандын укук коргоо органдары издеген адамдын чет өлкөдө кармалышынын укуктук негиздерии азырынча ачык бойдон калууда", - дейт депутат.