Бүгүн, 26-февралда, Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинде "2013-жылдагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" маселе каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
"Кыргыз Республикасында юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" мыйзамга ылайык, юбилейлик иш-чараларды өткөрүү жөнүндөгү чечим мамлекет башчысы же Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынаары белгиленген.
Маданият жана туризм министрлигинин жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун 2013-жылы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө кайрылуусунда мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Насирдин Исановдун 70 жылдыгы, Апсамат Масалиевдин 80 жылдыгы, белгилүү төкмө акын Калык Акиевдин 130 жылдыгы, дирижер Асанкан Жумакматовдун 90 жылдыгы, Советтер Союзунун баатыры генерал-майор И.В. Панфиловдун 120 жылдыгы сындуу бир катар маарекелик иш-чараларды өткөрүү сунушталган.
Талкууда депутаттар министрлик менен Жазуучулар союу тарабынан сунуштаган тизмени колдоо менен бирге бир катар сунуштарын да беришти. Депутат Эгемберди Эрматов академик Абдыганы Эркебаевдин 60 жылдыгын, акын Төлөгөн Мамеевдин 75 жылдыгын белгилөөнү сунуштаса, Жазуучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеев акын Барктабас Абакировдун 80 жылдыгын белгилөөнүн зарылдыгына токтолду. Юбилейлик иш-чараларды белгилөөдө мурдагыдай көп чыгымдарды жумшоону токтотуу менен белгилүү инсандарды элге кеңири таанытуу максатында идеология катары илимий-конференцияларды, көргөзмөлөрдү, окууларды, класстык сааттарды өткөрүүнү депутат Роза Акназарова сунуш кылды.
Мындан сырткары, талкууда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына байланыштуу эл аралык деңгээлдеги иш-чара өткөрүүнүн зарылдыгы, бул боюнча "Ысык-Көл форумун" дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу белгиленди. Депутат Роза Акназарова Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга чоң салым кошкон Айтматовду өлкөнүн бренди деңгээлине чыгаруу боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүүнү аткаруу бийлигине кулак кагыш кылды.
Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган пикирлерди эске алуу менен кошо тилчи-окумуштуу Б.Юнусалиевдин 100 жылдыгын, белгилүү манасчы Молдобасан Мусмулманкуловдун 120 жылдыгын, акын Эсенгул Ибраевдин 80 жылдыгын, олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин 60 жылдыгын жана башка белгилүү инсандардын маарекелик иш-чараларын белгилөө боюнча тиешелүү чаралардын көрүлүшү КР өкмөтүнө табышталды.