Биздин жигиттер Улуу Британияга да керек

Иззат Рахманов менен Адилет Сулайманов бир нече жылдан бери ат спорту улуттук болуп эсептелип келген өлкөдө жокейдин жардамчылары болуп эмгектенип келишет.

Европада жайгашкан бул мамлекетке жигиттер Украинадагы жокейлер мектебин аяктагандан кийин жолдомо алышкан. Ал мектеп тууралуу асыл тукум жылкылар боюнча биздин адис Алик Бутумбаев сураштырып билген. "Жокейлер мектебинде Ирландиялык мугалимдер сабак беришчү. Жарды үй бүлөдөн чыккан, бирок ат менен иштешкенди жанындай сүйгөн жергиликтүү балдарды жиберүүнү чечтим. Балдарга жардам бергим келди. Бирок ал мектеп жалаң Украинанын жарандарын гана кабыл алат экен. Бирок мектептин дирекциясы биздин шартка түшүнүү менен карап, кабыл алууга макулдугун берди. Тилекке каршы болгону он эле баланы жөнөтүүгө үлгүрдүк", - дейт Бутумбаев.

Учурда Иззат Рахманов менен Адилет Сулайманов Кыргызстанга эс алууга келишкен. "ВБнин" корреспонденти учурдан пайдаланып, аларга суроолорун узатты.

Кайсы жерде иштейсиңер?

Иззат Рахманов (И.Р.): - Беш жылдан бери Ирландиядагы Килдэр графтыгында иштейм. Бул борбор шаар Дублинден жарым саатык аралыкта.

Адилет Сулайманов (А.С.): - Үч жыл Англиядагы Йоркшир падышалыгында иштедим.

Жокей мектебинде англис тилин окудуңар беле, жардамы тийдиби?

И.Р.: - мен Ирландияда жөнөкөй саламга алик айта албай койгом. Мага оокатыңды чогултуп кайра кете бер дешти. Бирок келгенден кийин кайра кантип кетип калам деп чечтим да, өз билгендеримди көрсөтүш үчүн атты берүүсүн сурандым. Мага уруксаат беришти. Мен өзүмдү көрсөтө алдым. Эртеси күнү эле жумушка блокнот, ручка ала келип, түшүнбөгөн сөздөрдүн баардыгын жазып алып, жаттадым. Учурда англис тилинде эркин сүйлөйм.

Силердин милдеттериңерге эмнелер кирет?

И.Р.: - Менин иш күнүм алты жарымда башталат. Жылкыларга чөп салам, массаж жасайм, дене табын өлчөйм, ал акыбалын бир сыйра карап чыгам. Андан соң төрт саат бою атты минип үйрөтөм: кадам таштаганды, чуркаганды. Түштөн кийин тазалайм, тарамыштары чыйрак болсун үчүн бассейнге түшүрөбүз. Эки жумада бир эс алуу берилет.

Эмне себептен чет өлкөгө кеттиңер?

И.Р.: - Мен Ирландияга жер көрүп же акча табуу үчүн келген жокмун. Мени жылкылар кызыктырды. Ал жакта баардыгы асыл тукум, таза кандуу. Жумушум абдан кызыктуу.

А.С.: - Мен бала кезимен атка жакынмын. Ар дайым ушул жаатта адистешкен адамдар менен иштегим келчү. Украиналык Жокейлер мектеби туурасында Бишкек ипподромунда иштеген Айнура Эргешовадан уккам. Ал тиешелүү кагаздарды чогултканга да жардам берген. Андан кийин бир жылга чукул жооп күттүк. Англияга болсо мени видео аркылуу тандашкан. Квалификациядан тышкары, салмак да абдан маанилүү. 60кг жогору болбошу керек. Украинада окуп жатып, 10 кг кошком. Тез арада диетага отуруп, салмак таштоого мажбур болгом.

Жергиликтүү тургундар силерге кандай мамиле кылышат?

И.Р.: - Ирландияда бардык адамдар бири-бирин сыйлап турушат. Жергиликтүү жана чет элдиктер деп бөлүшпөйт. Коолективде да бардыгыбыз түшүнүшөбүз. Мени менен кошо эки украиналык, үч ирландиялык жигиттер иштешет. Ирландиялыктар мурда Кыргызстандын кайда экенин билишчү эмес. Мен ал жактан үйүмдү, бир туугандарымды сагынам. Бирок азыр жумушумду сагына баштадым.

А.С.: - Мен жергиликтүү балдар менен достошуп алгам. Украиналык кесиптештерим менен өзгөчө жакынбыз. Алардын тилин да түшүнүп калдым. Бирок Англияда өмүр бою иштегим келбейт: ал жакта ар дайым күн бүркөлүп турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД