"Азыр тоо-кен өнөр жайынан түшүп аткан пайда биз ойлогондой болбой атат. Алардын ичинен бир-экиси гана иштетилип атат. Эмнеге андай болууда? Анткени бул убакытты жана акчаны талап кылат. Кенди ишетүүдөгү негизги маселелер – бул жергиликтүү калктын каршы чыгуусу да болууда. Андан сырткары мыйзамдар боюнча да тоскоолдуктар бар", - деп Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Наби Эшназаров бүгүн, 26-февралдагы, маалымат жыйында билдирди.
Ал ошондой эле акыркы убакта бир канча мыйзам иштелип чыкканын айтып, алар административдик негизде эмес, экономикалык тармакты да камтыганын белгиледи.
Ал эми Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Орозбек Дүйшеев дүйнөдө алтындын баасы өсүп аткандыктан тоо-кен өнөр жайы Кыргызстандын экономикасын алдыга жылдырууда негизги локомотив экенин билдирди. "Андыктан жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кен байлыктарды иштетүү керек", - деди ал.