Дүйшеев: Кумтөр боюнча келишим жокко чыгарылса, экономикалык өсүш төмөндөйт

"Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгара турган болсок, өлкөнүн экономикасы кескин төмөндөйт. Өнөр-жайы 26%га, экспортко чыгаруу 50%га, жана ички дүң продукция (ИДП) 11%га төмөндөйт". Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Орозбек Дүйшеев бүгүн, 26-февралдагы, маалымат жыйында билдирди.

Чындыгында, Кумтөр кенин иштетүү алгачкы жети жылда начар иштегенин айткан Дүйшеев, алгачкы жылдары бюджетке болгону бир жылда 11 млн сом түшкөнүн билдирди. "Акыркы 4 жылда Кумтөрдөн түшкөн киреше 31 миллиондон 100 миллионго чейин жетти", - дейт ал.

Андан сырткары ал Кумтөргө байланыштуу маселелерди акыл жана илим менен чечүү керектигин баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД