Президент менен премьер-министр жазгы талаа иштерине даярдык көрүүнү талкуулады

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 25-февралда, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолукту. Жолугушууда жыл башында Улуттук кеңеш тарабынан кабыл алынган Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу талкууланды. Стратегияда белгиленген милдеттерди өз маалында ишке ашыруунун мааниси баса белгиленди. Ошондой эле, жазгы талаа иштерине өз учурунда жана сапаттуу даярдык көрүү, аны жакшы уюштуруу, селге каршы иштерди жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иш-чараларын камсыз кылуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД