Ош облусунда мектепке чейинки билим берүү маселеси талкууланат

26-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунан Билим кербени көч алат. Анын алкагында эксперттер, КР өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрү жергиликтүү калк менен жолугушуп, мектепке чейинки сапаттуу билимге болгон мүмкүнчүлүк, мектеп жашына чейинки куракта китеп окуунун мааниси, аялдар ден-соолугу жана айыл жаштарынын адистикти туура тандоо менен байланышкан көйгөйлөрдү кеңири талкулашат. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунан билдиришти.

Кыргызстанда мектепке чейинки билим алуу маселесин тез арада ылдамдык менен чечүү абзел. Учурда мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгү менен балдардын 14% пайызы гана камтылган. Балдарыбыздын эрте өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири болуп мектеп жашына чейинки куракта китеп окууну кеңири жайылтуу жана ата-энелердин, жергиликтүү коомчулуктун аракети менен китепканаларды колдоо, жааматтык балабакчаларды ачуу жана кыска мөөнөттүү мектепке даярдоо топторун түзүү эсептелет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД