Жогорку Кеңештин 21-февралдагы жыйынында КР өкмөтү менен РФ өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Жогорку-Нарын ГЭС каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана пайдаланууга берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
КР өкмөтүнүн берген маалыматына караганда, келишимге ылайык, Нарын каскадында 8 ГЭС курулат. ГЭС курулушунун чыгымына жумшалчу насыя каражатты Орусия табат. Насыянын жылдык үстөгү – 2,5 пайыз. ГЭСтин 50 пайыз үлүшүнө Кыргызстан, 50 пайызына Орусия ээлик кылат. Ошону менен бирге, ГЭС өзүн актаганга чейин Кыргызстан өз үлүшүнүн 25 пайызын орус тараптын башкаруусуна берип турмакчы.
Камбар-Ата-1 ГЭСинин жылына 5,1 млрд квт/саат электр кубатын өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. 2009-жылы түзүлгөн келишимде ага 1,7 млрд АКШ доллары жумшала тургандыгы белгиленген. Бирок министрдин айтымында, анын наркы азыркы шартка жараша өзгөрүшү мүмкүн. Ал ГЭСтин технико-экономикалын негиздемеси иштелип чыккандан кийин белгилүү болот.
Талкуу жыйынтыгында эки тараптуу макулдашуу ратификацияланды.