"Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКтын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын отчету боюнча Жогорку Кеңештин токтому кечээ, 21-февралда, толугу менен кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Анда айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКы тарабынан сакталышын текшерүү жана изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отчету эске алынып, КР өкмөтү менен Башкы прокуратурага бир катар тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, 20-21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында аталган Мамлекеттик комиссиянын отчету премьер-министр баш болгон мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, "Кумтөр" алтын кенин иштетип жаткан "Centerra Gold Inc" компаниясынын жетекчилиги менен Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, тоо-кен тармагы боюнча адистер, жарандык коом өкүлдөрү катышуусунда талкууланды.