Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын жамааты КР президенти Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасап, анда Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов менен анын орун басары Кудайберген Базарбаевдин акча өндүрүүгө жана паракорчулукка тийиштиги бардыгын айтышты. Театрдын директору Борис Воробьевдун айтымында, министрдин орун басары Кудайберген Базарбаев музей жана китепканалар боюнча иш алып барат. Анын театрга эч кандай тийиштиги жок.
"Кудайберген Базарбаевди мен 1984-жылдан бери тааныйм. Ал мага телефон чалып, сенин маселеңди чечип беребиз деди. Мен аны менен сүйлөшпөй койдум. Ал мага үч жолу телефон чалып, парктан, кафеден жолугалы деди. Мен аны менен жолуктум. Ал баягы эле акча өндүрүүнүн амалын айтты. Мен ага макул болгон жокмун", - дейт ал.
Ал ошондой эле министр жана анын орун басары "Россалют" мекемесинин директору Александр Красный аркылуу бир катар талаптарды жибергенин белгиледи.
"Алар жиберген талапта мындай деп жазылыптыр: Воробьев директорлук кызматын сактап калуу үчүн 20 миң доллар төлөш керек. Андан соң ай сайын 5 миң доллардан төлөп турсун. Бул 5 миң долларды театрдын имаратында орун алган кафе, клубдардан чогултушубуз керек экен. Эгер мен бул сумманы төлөөдөн баш тартсам анда театрдын бөлүштүрүүчү-директору Сергей Бардаков өзүнүн кызматы үчүн 10 миң доллар төлөшү керек экен. Эгер театрдын директорлук кызматын ээлегиси келсе, 20 миң доллар төлөсүн деп жазылыптыр",- дейт ал.
Театрдын директору андан сырткары театрдын ишмердигин текшерген ведомстволор аралык комиссия болгонун айтты. "Театрды түрдүү комиссиялар текшерди. Бирок алардын документтеринде бир бланкада эки мекеменин аталышы турат. Муну кандай түшүнүүгө болот?", -деп суроо салды ал.
Ал ошондой эле айтылган ар бир сөзүнө жооп бере аларын кошумчалады.