"Кээде гезит-журналдарга чыккан талаштуу, бир тараптуу материалдарга лингвистикалык экспертиза жүргүзүлөт", - деп ЖМКнын үстүнөн түшкөн даттанууларды кароо комиссиясынын төрагасы Шамарал Майчиев бүгүн, 21-февралда, маалымат жыйында билдирди.
"Өзгөчө Ош окуялары боюнча чыккан бир катар материалдарга лингвистикалык жана психологиялык экспертиза жүргүзүлдү", -деди ал.
Аталган комиссиянын мүчөсү Лейла Саралаева журналисттер талаштуу ишти сотко жеткирбей, келишүү, жарашуу жолу аркылуу чечүүгө үйрөнүшү керектигин айтат. "Биздин журналисттер талаш жараткан маселелерди сотко жеткирбей чечүүнү үйрөнүшү керек. Ошондой эле кетирген катасын да моюндаганды өздөштүрүүсү керек. Жакында эле менде ушундай окуя болду. Менин туура эмес жазган бир сөзүм үчүн эки мамлекеттик ишмер чатакташып кете жаздады. Биз бул учурду байкап, катачылык техникалык себептен улам кетип калганын моюндадык",- дейт ал.
Андан сырткары комиссиянын мүчөлөрү февраль айында ЖМКнын үстүнөн 3 даттануу келип түшкөнүн билдиришти.
Эскертсек, ЖМКнын үстүнөн түшкөн даттанууларды кароо комиссиясынын 13 мүчөсү бар. Алардын 7өө коомчулуктун өкүлү, 6 мүчөсү журналистикалык уюмдардан жана журналисттерден турат.