Жогорку Кеңештин депутаттары Курманбек Дыйканбаев, Максат Сабиров жана Гүлнара Жамгырчиева Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу 20-февралда маалымат жыйында билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Эл өкүлдөрүнүн белгилешинче, 15-17-февралда жасаган иш сапарынын алкагында бир катар социалдык обьектилер менен турак үйлөрдү кыдырып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү, муктаждыктары аныкталган. Жергиликтүү тургундардан 360 арыз түшүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу боюнча 90дон ашуун үй авариялык абалда деп катталган. Авариялык үйлөрдүн тургундарынын жарымынан азы гана башка жерге көчүшкөн, калгандары авариялык кооптуу үйлөрдө калууда.
Жергиликтүү тургундардын бирден бир өтүнүчү жаңы үй курууга ссудаларды бөлүү маселеси болуп жаткандыгын айткан депутаттар КР өкмөтүнүн токтому менен каралып жаткан 200 миң сом каражаттын жетишсиздигин билдиришти. Буга байланыштуу Жамгырчиева, Дыйканбаев жана Сабиров өзгөчө кырдаалдан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча КР өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы №155 токтомун карап чыгууну сунуштамай болушту.