Бишкек шаары боюнча 26 базар иштейт

КР Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынынын мүдүрүнүн орун басары, башкы мамлекеттик ветеринардык инспектор Самат Алиев бүгүн "Парламент" радиосунун түз эфиринде ветеринардык тармакта менчик лабораториялар иштеши керек деген пикирин билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

"Бишкек шаары боюнча 26 базар иштейт. Анда 100дөн ашык ветеринардык кызматкерлер эмгектенишет. Алардын алган айлыгы 1200 сомдон ашпайт, лабораториялардын жабдылышы деле заманбап эмес. Бирок кызмат орду тартыш. Жалпысынан базарларда ветеринария багытындагы жүргүзүлүп жаткан иштердин сапаты талапка толук жооп бербейт. Ошондуктан жеке менчик лабораторияларды уюштуруу маселеси 2-3 жылдан бери айтылып жүрөт. Бул чындыгында туура маселе", - деди ал.

Ал эми депутат Талантбек Узакбаев ветеринардык тармактын макамы өкмөт курамында так аныкталышы керек деген пикирин билдирди. "Коомчулук ошону талап кылууда. Адистердин айтымында, өзүнчө ветеринария системасы түзүлмөйүнчө, кырдаалдын кыйындыгы оңой менен кайтпайт. Чынында эле ушундай абал", -дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД