Бүгүн, 20-февралда, парламенттин жыйыны учурунда СДПК партиясынын депутаты Ирина Карамушкина экономика министри Темир Сариевди "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссияны жетектегендиги үчүн "Ак-Шумкар" ордени менен сыйлоого сунуштады.
Аны айтымында, комиссия "абдан зор ишти аткарышты". "Комиссия жакшы иштеди, ошондуктан биз Темир Сариевди бул орденге көрсөтүүбүз зарыл",- деди депутат Карамушкина.