Акенеев: Жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө күйүүчү май тыртыштыгы болбойт

"Жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө күйүүчү май тартыштыгы болбой", - деп бүгүн, 20-февралда, Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, КР нефтетрейдерлер ассоциациясы айыл-чарба жана мелиорация министрлиги менен үчүнчү меморандумга кол койду. "Меморандумдун шарттары боюнча ассоциация убагында дыйкандарды күйүүчү май менен камсыз кылышы керек. Азыр бизде күйүүчү майдын запасы жетиштүү. Дайкандар чогулуп күйүүчү майды дүңүнөн сатып ала турган болсо, анын баасы 2 сомго арзан болот", - дейт ал.

Ал ошондой эле учурда күйүүчү май кымбаттабай турганын билдирди. "Азыр күйүүчү май кымбаттабайт. Бирок Орусия тарап күйүүчү майга болгон бааны 12%га кымбаттата турганы айтылууда. Азыр биз Орусия тараптан билдирүү күтүп жатабыз", -деп кошумчалады ал.

Акенеев нефтетрейдерлер ассоциациясына былтыр олуттуу даттануулар болбогонун айтып, 2013-жылга 90 000 тонна күйүүчү майдын запасы менен киргенин белгиледи. "2012-жылы Кыргызстанга 1 млн тоннадан ашык күйүүчү май келди", -деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД