Төрага Асылбек Жээнбеков Чүй облусунун аксакалдары менен жолукту

19-февралда Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков Чүй облусунун тургундарын кабыл алып, алардын пикирин укту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Аксакалдар төрагага кыргыз парламентинин шайлоочулар менен иштөө жана мыйзам чыгаруу боюнча жүргүзүп жаткан ишине ыраазычылык билдирүү максаты менен келген.

Алардын айтымында, Кыргызстандын жаратылыш жана адамдык ресурстар жаатында зор мүмкүнчүлүгү бар. Өнүгүү үчүн биримдик, тынччылык жана туруктуулуктун болушу гана зарыл.

Төрага кыргыз мамлекетин калыптандыруунун татаал мезгилинде улуу муундун өтөгөн эмгеги менен топтогон бай тажырыйбасы Кыргызстандын мындан аркы өнүгүшүндө бекем пайдубал боло тургандыгын баса белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД