КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүн мындан ары жакшыртуу, коррупцияга жол бербөө, калкка жакындан жардам көрсөтүү максатында министр Кубатбек Боронов сунуш-пикирлерди, арыз даттанууларды, каалоо-тилектерди кабыл алуу үчүн өздүк электрондук дарегин жарыялайт. Бул тууралуу министрликтин басмасөз кызматы билдирди.
Министрге суроо-талап, сунушуңуздар болсо mchs-007kg@mail.ru электрондук дарегине кат аркылуу кайрылсаңыздар болот.