Бүгүн саат 9-00дөн 17-00гө чейин Аламүдүн районуна караштуу Константиновка, Луговое айылдарынын бир бөлүгүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн ЭТРи "Константиновка" көмөкчордонунан тараган 10 кВ электр зымдарын оңдошот.