Өзбекстандын аймагында эксклав болуп калган Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Барак айылына 2013-жылдын 17-февралында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Кушбак Тезекбаев жана КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков баштаган расмий топ гуманитардык жардам жеткирип келишти. Бул тууралуу министрликтин басмасөз кызматы билдирди.
Гуманитардык жардам уюштуруу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министринин 2013-жылдын 16-февралындагы атайын буйругу менен негизги керектелүүчү азык-түлүктөр сатылып алынды.
Ага ылайык, ӨКМ тарабынан күрүч – 150 кг, макарон – 460 кг, өсүмдүк майы – 153 кг, рафинатталган кант – 100 пачка сатылып алынды.
Ошондой эле өкмөттүн Ош облустук ыйгарым өкүлчүлүгү тарабынан өсүмдүк майы – 300 л, туз – 300 кг, кант – 150 кг, картошка 527 кг, сабиз – 490 кг, пияз – 500 кг, макарон – 300 кг жана 400 даана самын өңдүү күнүмдүк керектелүүчү азыктар жана окуучуларга дептерлер да жеткирилди.
Жогорудагылардан сырткары гуманитардык жардамдарды жеткирүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан "Мерседес-бенц СПРИНТЕР", ӨКМнин өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу түштүк борборунан "Хундай ПОРТЕР" автоунаалары бөлүнүп, гуманитардык жардамдарды Кара-Суу районун Ак-Таш айылдык өкмөтүнүн Барак айылынын башчысы Буркан Ашировго жана жергиликтүү тургундарынан турган комиссияга өткөзүлүп берилди. Жергиликтүү комиссия айылдын тургундарынын тизмесин (үй-бүлөнүн санына карата) тактап, гуманитардык жардамды бөлүштүрөт.
Эксклав катары калган айыл тургундарынын турмуш-тиричилик шарттарына байланыштуу айылдан райондун борборуна алып чыгуу үчүн айыл башчысы айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте 25 айылдын тургунунун тизмесин такташып, Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагына чыгарылды.