Билим берүү жана илим министрлиги кайрадан окуу китепке акы төлөөнү киргизүүнү кароодо. Бир китептин акысы 20-25 сом болот. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда, министрликтин коллегиясынын жыйынында ведомствонун жетекчиси Канат Садыков билдирди.
Анын айтымында, бул сумма – "абдан аз жана үй-бүлөлүк бюджетке залакасын тийгизбейт".