27-январдан 3-февралга чейин Катар мамлекетинин Доха шаарында өткөн "Куш таптоочулардын" эл аралык фестивалына Кыргызстандан "Салбуурун" федерациясынын негиздөөчүсү Алмазбек Акунов катышып келди. Бул тууралуу ал "ВБ"га билдирди.
Маалыматка ылайык, фестивалга Катар, Оман, Бахрейн, Сауд арабиясы жана Араб эмиратынан шумкар түркүмүндөгү куштарды, "слюги" араб тайгандарын таптаган ышкыбоздор катышкан.
Алмазбек Акуновдун айтымында, бул фестиваль Катарда жылда өткөрүлүп келет. "Ушул сапаркысын фестивалды уюштуруучулар Орто Азиядан – Кыргызстан, Монголия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстандан өкүлдөрдү чакырышты. Кыргызстандан мен катышып келдим. Фестивалдын жүрүшүндө өзүм тарттырган "Салбуурун" документалдуу фильминин англисче вариантын эки жерден презентациялоого жетиштим, көрүүчүлөр жакшы баа беришти. Фильмде бүркүткө, тайганга карышкыр алдырган эпизоддор бар болчу",- дейт ал.
Акунов ошондой эле катарлыктардын Орто-Азиялыктарды чакырган себеби, "Кушбегилердин" эл-аралык федерациясын түзөлү деген ниети болду дейт. "Кудай жалгап ал эл аралык федерацияны да түзгөнгө жетиштик. Жаңы түзүлгөн федерациянын биринчи фестивалын сентябрь айында Ысык-Көлдө, Чолпон-Атада өткөрүүнү көздөдүк", - дейт ал.
Жаңы түзүлгөн федерациянын курамына Катар, Сауд арабиясы, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Монголия мамлекеттеринин куш сүйүүчүлөр федерациялары киришти.