"Ата Мекен" фракциясы өкмөттүн мыйзам долбоорлорун колдоого алды

Бүгүн, 15-февралда, Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөттүн 2012-жылдын 26-ноябрындагы №797 токтому менен жактырылган "Маданият жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору менен "Туризм жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун фракция мүчөлөрү бир добуштан колдоого алышты.

Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору дагы колдоо тапты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД