Быйыл Кыргызстанда жашоо жана иштөө үчүн 625 адамга квота берилет

Жогорку Кеңештин 14-февралдагы жыйынында 2013-жылдын Бишкек менен Ош шаарлары жана облустар боюнча иммиграциялык квотасы бекитилди. Кыргызстан аймактарында 5 жылдык мөөнөт менен убактылуу жашап жана иштөө үчүн быйыл 625 адамга квота берүү сунушталган. Ал былтыр 1337 адамды түзгөн, демек, быйыл квота саны кыйла азайтылып жатат. Квота санын бекитүү жүрүшүндө бир катар жагдайлар менен себептер эске алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимовдун айтымында, иммиграциялык квота менен келген адамдардын басымдуу бөлүгүн Орусия жарандары түзөт. Алар негизинен мурда иштегени кетип, Орусия жарандыгын алган адамдар болуп саналат. Андан кийинки орунда Кытай жарандары турат. Андан сырткары, Түркиянын, Ирандын жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар.

Иммиграциялык квота менен келе турган ар бир адам Тышкы иштер министрлигинин алдында түзүлгөн Миграциялык комиссия тарабынан кылдат текшерүүдөн өтөт. Келгиндердин арасында Кыргызстандын жарандыгын алууну каалагандар да бар.

Жыйынтыгында "2013-жылга Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграциялык квотаны бекитүү жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД