Президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министри Шамил Атахановго мындан ары өлкөдө көчөлөрдү жана жолдорду тосууга жол бербөө боюнча конкреттүү чараларды көрүү тапшырмасын берди. "Ошондой эле мыйзамдын түздөн-түз бузуучуларын да, көчөлөрдү тосууга жол берген Бишкек ШИИБнын жетекчилигин да жоопкерчиликке тартуу керек", - деп айтылат Мамлекет башчысынын Ички иштер министрине тапшырмасында. Бул тууралуу кечээ, 14-февралда, КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
"Ар кандай жыйындарга шаардыктардын күндөлүк турмушуна тоскоолдук кылбаса гана уруксат берилүүгө тийиш. Инфраструктура жыш жайгашкандыктан, өлкөнүн борборунда жол тосууга жол берүүгө болбойт. Мындай укук эч кимге берилбеш керек"- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.
Эске салсак, мурда күнү 13-февралда президент "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койгон. Анда жарандардын эркин жүрүү укуктарын коргоо күчөтүлгөн. Мындан ары жолду мыйзамсыз тосуу, жарандардын эркин жүрүүгө укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө багытталган аракеттери жеке адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салынат.